Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Улуу Жибек жолундагы билим берүү кызматташтыгы талкууланды


Бишкекте 29-июнда “Улуу Жибек жолундагы мамлекеттердин кызматташуусунун алкагындагы жогорку билим берүүнүн келечеги” аттуу эл аралык конференция болду.

Анда жогорку билим берүүдө адистерди кесибине багыттап үйрөтүү керек деген резолюция кабыл алынды.

Конференцияга Кытай, Орусия, Түркия, Казакстан, Тажикстан, Кувейт жана Кыргызстандын жогорку билим берүү тармак өкүлдөрү катышып, туруктуу билим берүүнү өнүктүрүү багыты өндүрүш менен тыгыз интеграцияланбай жатат деп белгилешти.

Бир нечеге бөлүнгөн сессияларда маселе терең талкуулангандан кийин Улуу Жибек жолунун алкагында азыркы технологиялык изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүү, студенттердин өндүрүштүк практикаларын, окутуучулардын стажировкаларын өз ара алмашуу жолу менен өткөрүү системасын калыптандыруу жана коомдун интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү боюнча жалпы программаларды түзүү зарыл жана аларды мамлекет бийликтерине сунуштоо керек деген чечимге келишти.

XS
SM
MD
LG