Бүгүн Бишкекте раритетке айланган диссертациялык иштердин көргөзмөсү ачылат. Улуттук китепканада өтө турган бул көргөзмөгө Кыргызстандын белгилүү окумуштууларынын 1993-2000-жылдары жазылган илимий эмгектери коюлат.
Экспозиция коомдук-гуманитардык, медицина-биологиялык, техникалык жана айыл чарба илимдери деген төрт бөлүмдөн турат.
Иш-чара Кыргызстандын Жогорку аттестациядык комиссиясынын 25 жылдыгына карата уюштурулууда. (RK)