Патрулдук милиция кызматкерин сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иш козголду.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ысык-Көл райондук милициясынын жетекчи орун басары Максатбек Мусаев билдирди:
- Бул факт боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иш козголду. Соттук-медициналык, автотранспорттук жана башка экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда тергөө ыкчам аракеттери жүрүп жатат.
Чолпон-Ата шаарында унаа кырсыгына кабылган 36 жаштагы патрулдук милиция кызматкери алган жараатынан өзүнө келе албай көз жумган. Бүгүн ал туулган айылы Григорьевкада жерге берилет.
Окуя 28-июнда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жол боюнда турган патрулдук милициянын автомашинасын катуу ылдамдыкта келаткан “Субару” маркасындагы жеңил унаа сүзгөн. (AsM)