Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:38

Атамбаев: Максатым таза шайлоо өткөрүү


Атамбаев Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн ачкычын куткаруучуларга тапшыруу аземинде.30-июнь, 2017-жыл.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн курулган батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде билдирди.

Ал саясатчылардын арасында "бузукулар" бар экенин айтып, аларга алданбоого элди чакырды. Бийликте 3,5 ай мөөнөтү калганын, алдыда жакшы президент шайлап алуу жана таза шайлоо өткөрүү ниети бардыгын белгиледи. Мамлекет башчы аталган министрликтин мыкты кызматкерлерине кол сааттарды да ыйгарды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине салынган үч турак жай башкалаадагы Туңгуч кичи районунда жайгашкан. Анын курулушуна республикалык бюджеттен 261 миллион сом бөлүнгөн. 162 батирден турган үч үйдүн, 36сы үч, 54ү эки, 72си бир бөлмөлүү. (NT/TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG