Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Аида Салянованын соту 3-июлда уланмай болду


Аида Салянова сотто. 16-июнь, 2017-жыл.
Аида Салянова сотто. 16-июнь, 2017-жыл.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат, мурдагы юстиция министри жана экс-башкы прокурор Аида Салянованын соту 3-июлга жылды. Бул тууралуу Салянованын адвокаты Улан Жумаков "Азаттык" радиосуна билдирди.

Жумаковдун айтымында, дагы бир адвокат Чынара Жакупбекова башка жараянга катышып жаткандыктан келбей калган. Буга байланыштуу актоочу тарап териштирүүнү башка күнгө которууну өтүнүп, сот аны канааттандырды.

Депутатка 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Анын баш коргоо чарасы өлкөдөн тышка чыкпоо тууралуу тил кат менен аныкталган.

Салянова өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. Ишти Бишкектин Ленин райондук соту териштирүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG