Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:26

Бул тууралуу парламент спикери Чыныбай Турсунбеков бүгүн “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал талапкер катары чыгууга мыйзам жол берерин жана эч ким чектебей турганын айтты.

Ошондой эле бул багытта президент Алмазбек Атамбаев да өз позициясын билдиргенин жана бир нече жолу аны менен бул маселени талкуулаганын кошумчалады. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, президенттик шайлоого барууну ойлонуп жатканын белгиледи.

Чыныбай Турсунбеков парламенттин VI чакырылыштагы курамдын экинчи сессиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатат. Кечээ парламент бул сессиядагы акыркы пленардык жыйынын өткөрдү. Аны жаап жатып төрага кыргыз парламенти экинчи сессиянын жүрүшүндө өтө маанилүү укук ченемдик актыларды кабыл алып, көптөгөн орчундуу маселелерди көтөргөнүн, алардын чечилишине өбөлгө түзгөнүн белгиледи.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ушул күнгө чейин президенттикке ат салышуу нитетин билдирип, БШКга арыз тапшыргандардын саны 11ге жетти. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG