Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Кыргызстан Ливан менен дипломатиялык мамиле түздү


Ливан менен биргелешкен коммюникеге кол коюу. Нью-Йорк. 29-июнь, 2017-жыл.
Ливан менен биргелешкен коммюникеге кол коюу. Нью-Йорк. 29-июнь, 2017-жыл.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан менен Ливандын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү. Биргелешкен коммюникеге 29-июнда АКШнын Нью-Йорк шаарында Кыргызстан менен Ливандын БУУдагы туруктуу өкүлдөрү Миргүл Молдоисаева жана Наваф Салам кол коюшту.

Анда тараптардын БУУнун уставдарын, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сакташы, мамлекеттер ортосундагы теңчиликти, аймактык бүтүндүктү, улуттук көз карандысыздыкты урматташы, эл аралык келишимдерди аткарышы жана ички иштерге кийлигишпөөсү жазылган.

Коммюникеге кол коюлгандан кийин эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин жана эл аралык бирикмелерде бири-биринин талапкерлигин колдой турганын билдиришти.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдын 31-августунан бери дүйнөнүн 145 өлкөсү менен дипломатиялык алака курган. (NT)

XS
SM
MD
LG