Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

АКШ элчиси Иранга чара көрүү керек деп эсептейт


АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли
АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Иранга каршы чара көргөн жок деп Коопсуздук кеңешин сынга алды. Ал Иран уюмдун санкцияларын бир нече ирет көз жаздымда калтырганын, бирок Коопсуздук кеңеши буга жооп кайтара албаганын 29-июндагы жыйында айтты.

Жыйында Иранга каршы санкциялардын аткарылышы тууралуу БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррештин үчүнчү баяндамасы талкууланды. Анда бир жылдан ашык убакыт мурда Иранга таандык курал-жарактар Инди океанында колго түшүрүлгөнү, жыл башында расмий Тегеран уюмдун макулдугу жок баллистикалык ракета учурганы айтылат.

АКШ элчиси Хейли Иран террорчуларга курал-жарак берип, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарды чечүү жолдорун татаалдаштырып жатканын белгиледи. Иран мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Расмий Тегеран менен дүйнөнүн алты державасынын ортосунда 18 ай мурда жетишилген өзөктүк келишим боюнча Иранга киргизилген санкциялардын басымдуу бөлүгү алынган. Бирок Тегеранга каршы курал-жарак эмбаргосу сыяктуу келишимде каралбаган бир катар санкциялар дале күчүндө.

XS
SM
MD
LG