Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Сабиров: Кыйраган учактагы жүктү иликтөөдө президенттин аты-жөнү чыккан жок


Дача-Су айылына кулаган учак. Январь, 2017-жыл.
Дача-Су айылына кулаган учак. Январь, 2017-жыл.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ айылына кулаган түркиялык «Боинг-747» үлгүсүндөгү учактагы жүктүн чоо-жайын депутаттык комиссия иликтеп бүттү. Бул тууралуу комиссия мүчөсү, "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, учактагы жүктүн эки тоннасы гана Кыргызстанга багытталганы, ал жүк от тамызгы (зажигалка) экени белгилүү болду. Депутат ошондой эле иликтөө иштери кыйраган учакта президенттин атына келген жүк болбогонун аныктады деп билдирди:

- Жүктөрдүн тизмесин карап чыктык. Ал жерде Кыргызстанга деген жүк эки тонна зажигалка экен. Ал дагы Казакстандын фирмасы. Калгандарынын баары - Түркияга, башка мамлекеттерге кете турган почталар. Ал жерде мындай экен: бүт мамлекеттерге жүк жүктөлөт, мисалы, Европага, КМШ жана башка мамлекеттерге. Маселен, 60 тонна жүк болсо ошонун баары Түркияга, логистика борборуна барып түшөт. Андан ары мамлекеттерге таратылат. Логистикалык борбордон кайра Кыргызстанга келе турган жогоруда айткан 2 тонна жүк бар экен. Башка эч нерсе жок. Документтерди бүт карап чыктык, президентке таандык эч нерсе жок экен. Андай фамилияга эч кимдин эч нерсеси жок болуп чыкты. Башкы прокуратурага бул ишти аягына чейин иликтөө тапшырмасын бердик.

19-январда кулаган учактагы жүктүн чоо-жайын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Буга чейин кыйраган учактагы жүктүн арасында Президенттин үй-бүлөсүнө таандык жүк да болушу мүмкүн деген жоромолдор тараган.

16-январда "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулап, анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Маалыматтарга караганда учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон. Гонконг - Стамбул багытында учуп бараткан бул унаа ал күнү Бишкекке май куюу үчүн конуп жаткан. (NT)

XS
SM
MD
LG