Украинада Чернобыль атомдук электр станциясынын айласында чыккан өрттү өчүрүү иши уланууда. Өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлагандай, өрт 29-июнда түш оой станциянын жанындагы Люблянское токоюнда дарактарды кыюу иши жүрүп жаткан маалда чыккан.
30-июнга карата тилсиз жоо 25 гектарга жайылганы белгилүү болду. Аймакка жүздөн ашык өрт өчүрүүчү жана атайын унаалар, учактар жөнөтүлдү.
1986-жылы тарыхтагы эң кыйратуучу өзөктүк кырсыкты баштан өткөргөн Чернобыль станциясынын айланасында буга чейин да ири өрт кырсыктары катталган.
2015-жылы станциянын кирүүгө тыюу салынган аймагында 400 гектар токойду өрт чулгаган болчу.