Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:59

Жарандык активисттер эркиндик форумун өткөрүүгө чакырууда


Бул тууралуу "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун жетекчиси, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди. Анын маалыматына караганда, Октябрь райондук сотунун 30-июндагы Zanoza сайтына байланышкан чечимдерине байланыштуу аталган комитет жарандык коомду экинчи Сөз эркиндиги форумуна чогулуп, кысым көрсөтүүлөргө каршы туруу, биригүү механизмдерин талкуулоого чакырууда. Форум качан болору азырынча белгисиз.

Биринчи эркиндик форумун "Сөз эркиндигин коргоо комитети" жана "Конституциялык кеңешме үчүн" кыймылы быйыл мартта уюштурган. Анда Кыргызстандагы саясий кырдаал жана сөз эркиндигинин абалы талкууланган.

30-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Zanoza.kg сайты жана журналист Нарын Айып, экс-депутат Чолпон Жакуповага байланыштуу доо арызын толук канааттандырды. Сот аталган жарандар жана маалымат каражаты президенттин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирди деп тапты. Алардын ар биринен 3 миллион сомдон доо өндүрүү тууралуу чечим чыгарды. Доого жыгылган тарап буга макул болбой Бишкек шаардык сотуна кайрыла турган болууда. (NT)

XS
SM
MD
LG