Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Орусия Европа кеңешине төлөмдөрүн токтотту


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров

Орусия Европа кеңешине көрсөтүп келген каржылык колдоосун токтотууну чечти. Тышкы иштер министри Сергей Лавров уюмдун баш катчысы Турбьёрн Ягландга телефон чалып, орус тараптын бул чечимин түшүндүргөнүн министрлик 30-июнда кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лавров Европа кеңешиндеги орус делегациясынын укуктары калыбына келтирилмейинче Орусия төлөмдөрдү бербей турганын айткан.

2014-жылдын апрель айында Крымдын аннексиясынан көп өтпөй Европадагы демократия жана адам укуктарына байкоо салган бул уюм орус делегациясын добуш берүү укугунан ажыраткан.

Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин Москва 47 мамлекет мүчө болгон бул уюмга 13 миллион доллар төлөшү керектигин бул айда билдирген.

XS
SM
MD
LG