Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Комузчу Канат Наматбековдун сөөгү Ат-Башыга коюлат


Канат Наматбеков Түркиядагы эл аралык фестивалда (Аманат сүрөт, качан тартылганы белгисиз)
Канат Наматбеков Түркиядагы эл аралык фестивалда (Аманат сүрөт, качан тартылганы белгисиз)

Комузчу Канат Наматбеков 30-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районунда каза тапты. Маркум достору менен айылга чөпкө барганы, кечээ үйүнө келип каза болгону маалымдалды. Анын өлүмүнө уулануу себеп экени айтылууда.

Жакын санаалаштарынын билдиришинче, маркумдун сөөгү 2-июлда Ат-Башы районунда жерге берилет.

Ал 20 жашта болчу. Белгилүү ырчылар Токтобек Асаналиев менен Кенже Кубатованын тун уулу эле.

Канат Наматбеков кичинекейинен комузда кол ойнотуп, бир катар эл аралык сынактарга катышып, көрүүчүлөрдүн алкоосуна татып келген.

XS
SM
MD
LG