Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

"Ачык Орусия" кыймылынын координатору Орусиядан чыгып кетти


"Ачык Орусия" кыймылынын Татарстандагы координатору Илья Новиков.
"Ачык Орусия" кыймылынын Татарстандагы координатору Илья Новиков.

"Ачык Орусия" кыймылынын Татарстандагы координатору Илья Новиков укук коргоо органдарынын куугунтугуна байланыштуу өлкөдөн убактылуу чыгып кеткенин "ВКонтакте" социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды. Анда полиция "коркутуп-үркүтүү жолу менен" өзүн "атайын уюштурулган кылмыш ишине" күбө катары тартууга аракеттип жатканы айтылат. Ошол эле маалда Новиков Орусияга кайра келерин билдирген.

Быйыл майдын этегинде Илья Новиков жетектеген Казандагы "Райден" компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, полиция бухгалтердик документтер менен ноутбуктарды алганы кабарланган.

29-апрелде Орусиянын бир нече шаарында өткөн президент Владимир Путинди 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышуудан баш тартууга чакырган акциядан кийин Новиков уюштуруучулардын бири катары беш күнгө камалып чыккан.

XS
SM
MD
LG