Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Бабанов президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышат


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Бул тууралуу парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов Бишкекте өткөн жыйында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Уюштуруучулар элдик курултай деп атаган жыйында Бабановду президенттикке көрсөтүү боюнча резолюция кабыл алынды.

Бирок Бабанов анын укуктук жактан күчү жоктугун, эл тараптан колдоо гана экенин, президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышарын маалымдады.

БШКнын маалыматына караганда, президенттик шайлоого катышууну көздөп арыз бергендердин саны он бирге жетти. Экөө саясий партиялардан, тогузу өзүн өзү сунуштоо жолу менен көрсөтүлгөн. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG