Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Чет элдик саясатчылардын Германияда эл менен жолугушуулары чектелди


Германиянын желеги.
Германиянын желеги.

Немис өкмөтү чет элдик саясатчыларга өз өлкөлөрүндө шайлоо жана референдумдарга үч ай калганда Германиянын аймактарында эл менен жолугушуу уюштуруп, сөз сүйлөөгө тыюу салды. Тиешелүү эскертүү Берлиндеги бардык чет мамлекеттик дипломатиялык өкүлчүлүктөргө берилгенин Германиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Германияда саясий сөз сүйлөөнү каалаган чет элдиктер эми немис бийлигинен уруксат алышы керек. Бирок бул чектөө Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин саясатчыларына тиешелүү эмес.

Германия тышкы иштер министри Зигмар Габриэл жаңы эрежени тиги же бул мамлекеттин ички саясий тирештеринин өлкөгө өтүшүн алдын алуу аракети деп түшүндүрдү.

30-июнда немис бийлиги Гамбургдагы 7-8-июлга белгиленген "Чоң жыйырма" тобунун саммити учурунда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын түрк диаспора өкүлдөрү менен жолугушуусуна уруксат берген эмес. Андан мурда Германияда Эрдогандын конституциялык реформаларына үгүттөөнү көздөгөн түрк саясатчыларынын иш-чарасына тыюу салынган. Ал кезде бир нече шаарда Эрдогандын жактоочулары менен каршылаштарынын кагылышуусу орун алган.

XS
SM
MD
LG