Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:09

БШК президенттик шайлоодогу үгүт иштери үчүн 40тан ашуун ЖМКны каттады

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче, 30-июнга карата алдыдагы президенттик шайлоону утурлай үгүт өнөктүгүн чагылдырууну көздөгөн 41 жалпыга маалымдоо каражатын катталды.

Анын он алтысы телеканал, ону радио, ону гезит-журнал, бешөө интернет сайттар.

Азыр үгүт иштерине катыша турган маалымат каражаттарынан документтерди кабыл алуу уланууда. Бул аракет 4-июлда аяктайт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Саясий жарышка талапкерлигин коюуну көздөгөндөрдөн документтерди кабыл алуу 15-июндан тарта жүрүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG