Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:52

Гонконг Кытайга кайтарылганынын 20 жылдыгын белгилеп жатат


Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин сапарын утурлай жүргөн кармоолор. 28-июнь, 2017-жыл. Гонконг.

Гонконгдун британ башкаруусунан Кытайдын курамына өтүшүнүн 20 жылдыгында демократиялык активисттер менен Бээжинди жактагандардын кагылышуусу орун алды. Анын бир нече катышуучусу кармалганы кабарланды.

20 жылдык мааракени белгилөөгө Кытайдын төрагасы Си Цзинпин да келди. Ал Гонконг администрациясынын жаңы жетекчиси Кэрри Ламдын инаугурациясына катышты.

1997-жылы Гонконг Кытайга кайтарылганда расмий Бээжин “бир өлкө - эки система” деген принципти сактоого убада берген. Бирок аймактын калкынын арасында Гонконгдун болочогуна тынчсыздангандар да бар.

XS
SM
MD
LG