Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:26

Украина: хакерлер чабуулу кырдаалды туруксуз кылууну көздөгөн 


Белгисиз адамдын жүзүндөгү Petya вирусунун проекциясы.

Украиналык мекеме-уюм, ишканаларга 27-июнда жасалган киберчабуул өлкөнүн "социалдык-экономикалык абалын туруксуз кылуу" максатын көздөгөн. Бул тууралуу Украинанын коопсуздук кызматы тараткан маалыматта айтылат. Анда чабуулга 2016-жылы да бир катар сайттарды бузган хакерлер тобунун тиешеси болушу мүмкүн экени белгиленген. Ал кезде транспорт жана энергетикалык ишканалардын каржы системасы бузулганы эске салынган.

Украин атайын кызматы хакердик чабуул алдын ала даярдалган жана бир нече этаптан турган, улуттук мамлекеттик майрамды утурлай башталган деп эсептейт.

Азыркы киберчабуул акча алуу максатында болгондой таасир калтырган. Бирок "Украина чындыгы" гезитинин билдиришинче, чабуулдун ниети акча эмес. Өткөн шейшембиде украиналык бир катар компаниялар жана банктарга хакердик чабуул болгон. Вирус өкмөттүн ишин үзгүлтүккө учуратып, Чернобыль атомдук электр станциясындагы документтердин электрондук системасына да тоскоолдук жараткан.

XS
SM
MD
LG