Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

"Рух-Ордо" комплексине бомба коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты


Иллюстрация
Иллюстрация

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий комплексине жана анын жанындагы "Зодиак" ресторанына жардыргыч зат коюлду деген маалымат ырасталган жок.

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, белгисиз адам бомба тууралуу бүгүн таңкы саат 6дан өткөндө милицияга кабарлаган. Аталган маданий борбор жана ресторан курчоого алынып, саперлор издөө иштерин жүргүзгөн.

Бирок шектүү зат табылган эмес. Азыр Бишкектен да саперлор, адистер барып, текшерип жатканын, бул иштер аяктагандан кийин телефон чалган адамдын тек-жайы аныкталарын кошумчалады Усубакунов.

Интернетте буга чейин "Рух-Ордо" маданий борборунда түрк элдеринин дүйнөлүк курултайы өтөрү, бомба тууралуу маалыматтан улам үзгүлтүккө учураганы кабарланган. Облустук милиция бүгүн комплексте кандайдыр бир иш-чара өтөрүнөн кабарсыз экенин билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG