Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:25

Италияда кармалган Украина жараны Виталий Марков 2014-жылдын 24-майында Донецк облусунда болгон окуяга шектелүүдө. Ал кезде фотокабарчы Андреа Рокелли жана анын котормочусу, укук коргоочу Андрей Миронов каза таап, франциялык фотожурналист Вильям Рогульон жаракат алган. Бул тууралуу La Repubblika гезити маалымдады.

Марковдун камакка алынганын Украинанын башкы прокурорунун орун басары Евгений Енин да Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Украина ички иштер министринин кеңешчиси, депутат Антон Геращенко Виталий Марков Италияга энесине көрүү үчүн барганын айтып, "бул окуя кезектеги орусиялык чагымга окшошуп турат" деп баалады.

2014-жылдын 24-майында чет элдик журналисттер жана укук коргоочу түшкөн автоунаа Славянск шаарынын алдында минометтук аткылоого кабылган. Украин бийлиги бул үчүн сепаратисттерди айыптаса, алар кайра күнөөнү Киевди колдоп салгылашып жүргөн ыктыярчыларга оодарып келет.

XS
SM
MD
LG