Сириянын борбору Дамаск шаарынын чыгыш бөлүгүндө 2-июлда жанкечти өзүн жардырып, бир нече адам каза болду, дагы бир нечеси жаракат алды. Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик телеканалы кабарлады. Анда 2-июлдун таңында коопсуздук күчтөр үч террорчу-жанкечтини кармаганы, алардын экөө шаарга кире электе жарылганы маалымдалган.
Үчүнчүсү Дамаскка кирип, курчоого алынгандан кийин өзүн жардырып жиберген. Андан каза тапкан жана жаракат алгандардын саны так айтыла элек.
Президент Башар Асаддын резиденциясы жайгашкан Дамаскта террорчу-жанкечтилердин мындай кол салуусу ушу кезге чейин сейрек болгону айтылууда.