Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Жергиликтүү кеңештин депутаты экстремизмге шектелүүдө


2017-жылдын мартында Ош облусунун Кара-Суу шаарында "хизбутчу" деп шектелген адамдын үйүнөн УКМК тапкан адабияттар жана буюмдар.
2017-жылдын мартында Ош облусунун Кара-Суу шаарында "хизбутчу" деп шектелген адамдын үйүнөн УКМК тапкан адабияттар жана буюмдар.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жергиликтүү кеңештин депутаты экстремизмге шектелип кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, шектелген адамды текшерүү учурунда анын жанынан "Хизб-ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун материалдары чыккан.

Милиция аны кармап, убактылуу жайга камакка алган. Ага карата Кылмыш жана жаза кодексинин 299–2-беренеси (экстремисттик жана террорчулук уюмдардын материалдарын, атрибуттарын алып жүрүү, даярдоо, сактоо, жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

"Хизб ут-Тахрир" - Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын бири. (NT)

XS
SM
MD
LG