Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Казыяттарга диний кырдаалды көзөмөлдөө тапшырмасы берилди


Намаз маалы.
Намаз маалы.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, муфтий Максатбек Токтомушев облустардын казылары менен 1-июлда өлкөдөгү диний кырдаалды, Коргоо кеңешинин чечимдерин аткаруу жагдайын, 2020-жылга чейинки иш-аракеттердин концепциясын талкуулады.

Жыйында имамдардын билимин жогорулатуу, диний билим берүү мекемелерине бирдиктүү программа киргизүү жана аларда жаңы окутуу ыкмаларын колдонуу маселелери да каралды. Анда ар кайсы этнос өкүлдөрүнүн ортосундагы биримдикти бекемдөө жана мечиттерди каттоо маселеси да көтөрүлдү. Жыйынтыгында бардык казыяттарга медреселердин мугалимдеринин билимин жогорулатуу, кайрымдуулук иш-аракетин уюштуруу, диний кырдаалга тыкыр көз салуу тапшырмасы берилди.

Кыргызстанда диний билим берген 2600гө жакын медресе каттоодо турат. Айрым гана медреселерде диний билимдерден тышкары кеңири секулярдык жана кесиптик билим берилет. Ал эми имам-молдолордун 15 пайызы гана жогорку диний билимге ээ экени айтылып жүрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG