Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат, мурдагы юстиция министри Аида Салянованын соту уланат. Бул тууралуу Салянованын адвокаты Улан Жумаков "Азаттык" радиосуна билдирди.
30-июндагы жараян дагы бир адвокат Чынара Жакупбекованын келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылган.
Депутатка 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. Ишти Бишкектин Ленин райондук соту териштирүүдө. (NT)