АКШдагы белгилүү компаниялардын өкүлдөрү 10-июлдан 12-июлга чейин Бишкекте болушат. "Америка соода палатасы" эл аралык уюмунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу максатын көздөп жатышат.
Сапар жүрүшүндө алар кыргыз бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен бизнес жаатындагы кызматташтыкты чыңдоонун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Мындан тышкары алар Бишкекте “Кыргызстан – АКШ” бизнес-форумуна катышмакчы. Алардын сапарын Кыргызстандагы "Америка соода палатасы" (AmCham) уюму жана Кыргыз-америка ишкерлер кеңеши (USKGZBC) уюштурууда.
Делегациянын курамында AGCO, Baker & McKenzie жана General Electric компанияларынын өкүлдөрү, USKGZBC негиздөөчүлөрү-мүчөлөрү, AES, Mobilized Construction, American Councils for International Education, Coca-Cola ишканасынын кызматкерлери бар.