Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Путин Түркмөнстанга барууга камданып жатканы кабарланды 


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусия президенти Владимир Путин жакында Түркмөнстанга бара турганын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү орусиялык булактар жазып чыгышты. Песков Ашхабадга болгон сапарга даярдык көрүлүп жатканын айтып, бирок анын так датасы кийинчерээк кабарланарын билдирген.

Буга чейин Путин түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда түркмөн тарап Путинди сентябрда Ашхабадда өтө турган Азия-2017 спорттук оюндарынын ачылыш аземине чакырганы кабарланган. Түркмөнстан орус президентинин сапары тууралуу маалымат бере элек.

Гурбангулы Бердымухамедов быйыл февралда үчүнчү жолу президент болуп шайлангандан кийин Орусия Түркмөнстандын стратегиялык өнөктөшү экенин жарыялаган. Бирок түркмөн газын сатып алуу жана Москванын Ашхабадга насыя берүү маселелери азырынча чечиле элек.

XS
SM
MD
LG