Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Ракканын түштүк бөлүгү бошотулду


Сирияда арабдар менен күрттөрдүн альянсы АКШнын колдоосу менен Ракка шаарынын түштүк бөлүгүнө кирип барышты. Бул тууралуу Британияда жайгашкан Сирия обсерваториясы деген укук коргоо уюму 2-июлда кабарлады.

Маалыматка ылайык, сириялык демократиялык күчтөр Ефрат дарыясын кесип өтүп Ал-Хал базарын ээлеп алышты. Ракка шаарын «Ислам мамлекети» террордук уюмунан бошотуу операциясы бир нече айдан бери жүрүп келатат.

Июнда альянстын аскерлери биринчи жолу калаанын чыгыш жана батыш конуштарына чейин жетишкен. Аларга жардамга дагы бир миңдей жоокер жөнөтүлгөнү кабарланууда. Жихадчылар Ракканы 2014-жылдын жайында басып алып, "халифаттын" Сириядагы борбору деп жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG