Сириянын президенти Башар Асаддын сүрөтү алгачкы жолу улуттук акчада пайда болду. Борбордук банктын төрагасы Дураид Дургхам 2 миң паунд банкнота бир нече жыл мурун эле басылып чыкканын, бирок аны жүгүртүүгө киргизүү согуштан улам кийинкиге калтырылганын айтты.
Буга чейин улуттук валютада тарыхый инсандардын жана мурдагы президент, Башардын атасы маркум Хафез Асаддын сүрөтү гана басылып келген. Жарандык согуш алты жылдан бери токтобой келаткан Сирияда инфляциянын деңгээли жогору.