Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Баварияда туристтик автобус кырсыкка учурап өрттөнүп кетти


Германиянын түштүгүндө туристтерди ташыган автобус кырсыкка учурады. Анда бараткан 48 кишинин - эки айдоочу менен 46 жүргүнчүнүн 31и жараат алды. Полиция дайынсыз болуп жаткан 17 киши каза тапкан болушу мүмкүн деп билдирди. Автобус жүк ташыган машина менен кагылышкандан кийин өрттөнө баштаган.

Полициянын басма сөз катчысы Анн Хофердин айтымында, от автобусту чалганда, көптөрү сыртка чыгууга үлгүрбөй калган. Кырсык бүгүн эртең менен Баварияда болгон.

XS
SM
MD
LG