Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:16

ТИМ Бавариядагы кырсыкта кыргызстандыктар бар-жогун тактап жатат


Бавариядагы кырсык. 3-июль, 2017-жыл.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Германиянын Бавария аймагында жол кырсыгынан каза тапкандар арасында Кыргызстандын жарандары бар-жогу такталып жатат.

3-июлда Германиянын түштүгүндө туристтер түшкөн автобус жүк ташуучу машине менен кагылышып өрттөнүп кеткен. Анда бараткан 48 киши - эки айдоочу менен 46 жүргүнчүнүн 31и жараат алды. Полиция дайынсыз болуп жаткан 17 киши каза тапкан болушу мүмкүн деп билдирди.

Полициянын басма сөз катчысы Анн Хофердин айтымында, от автобусту чалганда, көптөрү сыртка чыгууга үлгүрбөй калган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG