Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Франциянын "Тотал" компаниясы Ирандын ири газ кенин өздөштүрөт


Франциянын "Тотал" компаниясы Иран менен бир нече миллиард доллардык келишимге кол койду. Компания Ирандын Түштүк Парс газ кендерин өздөштүрмөкчү. 2016-жылы Тегеранга каршы санкциялар жеңилдетилгенден бери Батыш Ирандын энергетика тармагына мындай чоң инвестиция сала элек болчу. "Тоталдын" аткаруучу директору Патрик Пуянн жана Ирандын мунай министри Бижан Намадар Зангадех 20 жылдык келишимге бүгүн кол коюшту.

Былтыр ноябрда "Тотал" 4,8 миллиард еврого бааланган долбоордун 50,1 процент акцияларды сатып алуу боюнча келишимге жетишкен. Перси булуңунун жээгиндеги кен табигый газдын запастары боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Ал 1990-жылдардын башында "Тотал" тарабынан өздөштүрүлө баштаган. Бирок Европа биримдиги Ислам жумуриятынын атомдук программасына байланыштуу санкцияларды киргизгенде компания өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG