Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Сауд Араб падышасы "Чоң жыйырманын" саммитине катышпайт


Салман бин Абдулазиз (оңдо)
Салман бин Абдулазиз (оңдо)

Германия өкмөтүнүн маалымат катчысы Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз 7-8-июль күндөрү "Чоң жыйырманын" Гамбургда өтчү саммитине катышпайт деп билдирди. Штефен Зиберттин айтымында, Сауд өкмөтү 81 жаштагы падышанын катыша албасын Берлинге 3-июлда кабарлады. Бирок анын себеби жөнүндө Зиберт айткан жок.

Саудиялык дипломатиялык булактар ДПА агенттигине маалымдашкандай, бул чечим Катар менен жаңжалга байланыштуу кабыл алынган. Июнда Сауд Арабия баштаган төрт араб мамлекети кошуна Катар терроризмди колдойт деп, дипломатиялык жана экономикалык байланыштарын үзүп салышкан жана бир катар шарттарды коюшкан.

Падыша Салмандын ордуна "Чоң жыйырманын" жыйынына финансы министри Мохаммед ал-Жадаан катышат.

XS
SM
MD
LG