Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Шыкмаматовдун сотунда күбөлөр көрсөтмө беришет


Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов баштаган үч адамга козголгон кылмыш ишти териштирүүнү улантат. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти. Сотто күбөлөр көрсөтмө беришет.

Акыркы жараян 27-июнда өтүп, анда мамлекеттик айыптоочулардын корутундусу угулган. Алар Шыкмаматов баштаган үч адамдын тендер аркылуу автоунааларды алууда мыйзам бузууларга жол бергенин белгилешти. Айыпталып жаткан тарап прокурорлордун айткандарын четке кагып, Шыкмаматов анын жалган экенине далилдер бардыгын кабарлады.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматов, Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге ушул жылы 17-февралда кылмыш ишин козгогон. Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган. Тендер менен сатылып алынды деген "Мерседес-Бенц-Е" үлгүсүндөгү беш машиненин арасында депутаттын жубайына катталган, баасы жогорулатылган автоунаа болгону жарыяланган.

"Ата Мекен" партиясы жана Шыкмаматовдун өзү бул иштерди саясий куугунтук катары баалап келишет. Иш сотто ар аптанын шейшемби күндөрү каралып жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG