Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Бишкекте тоо-кен тармагындагы көйгөйлөр талкууланат


“Вечерний Бишкек” гезитинин маалымат борборунда өтө турган талкууга тоо-кен тармагындагы эксперттер катышат.

Алар бул чөйрөдөгү мыйзам базасындагы жетишпестиктер, кадр саясаты, башкаруу ыкмасы тууралуу пикирлери менен бөлүшө турганын уюштуруучулар билдиришти.

Ошондой эле катышуучулар тоо-кен тармагынын концепциясын 2040-жылга чейинки өнүгүү боюнча Улуттук стратегияга киргизүү сунуштарын айтышат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин маалыматына караганда, 2012-жылдан бери Кыргызстандын бюджетине тоо-кен тармагынан 6,5 миллиард сом түшкөн.

Өткөн жумада Жогорку Кеңеште “Жер казынасы жөнүндө” мыйзам долбоору кызуу талкууланып, үчүнчү окууга жөнөтүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG