Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:20

Таласта эки тонна кара куурай жок кылынды. Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы талаада 1,5 гектар аянтты ээлеген кара куурай өрттөлгөнүн «Азаттыкка» облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Динара Сарногоева билдирди.

Иш-чарага Талас облусу боюнча баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгы менен райондук милиция өкүлдөрү катышты.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алты айында Талас облусунда баңги заттарын мыйзамсыз алып жүргөндөр боюнча 26 факт катталып, алардын баарына кылмыш иши козголгон. (AlS)

XS
SM
MD
LG