Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Көк ала болуп ооруканага түшкөн ымыркайдын абалы жакшырууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Баш мээси чайкалып, денеси көк ала болуп Бишкектин №3 балдар ооруканасына түшкөн жети айлык ымыркай кыз эсине келди, абалы жакшырууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.

Шаардык милициянын маалымат катчысы Адыл Оморовдун айтымында, ымыркай тууралуу кабар 28-июнда түшкөн. Кыздын апасы милицияга көрсөтмө берип, окуяны кокустук деп атаган:

- Ал диванга отургузуп коюп тамак жасаганы кетсе кыз жыгылып, эсин жоготконун, аны өзүнө келтириш үчүн бетине бир-эки чапканын, кошунасы менен ооруканага жеткиргенин айтууда.

Окуя Свердлов районунун аймагында болгон. 23 жаштагы келин күйөөсү менен ажырашып кеткен. Колундагы ымыркайы менен өгөй энесинин колунда жашайт.

Ымыркай тууралуу маалымат интернетте азыр кызуу талкууланып жатат. Айрым колдонуучулар ал сабалган болушу ыктымал деген пикирин билдирүүдө.

Милиция бул версияны азырынча тастыктай элек. Кылмыш иш козголгон жок. Чыныгы жагдай соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына жараша аныкталат. (ZA/RK)

XS
SM
MD
LG