Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:56

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун атынан аны президенттикке талапкер кылып каттоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берилди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова билдирди. Арыз 3-июлда берилгени айтылууда, бирок мындай маалымат Боршайкомдун расмий сайтына азырынча чыга элек.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бүгүнкү күнгө карата, Боршайкомдун расмий маалыматына караганда, талапкер болуп катталууга арыз бергендердин саны 15ке жетти.

Алардын экөөнү, "Ак шумкардын" жетекчиси Темир Сариев менен "Өнүгүү прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаевди партиясы көрсөттү.

Калганы өзүн өзү көрсөткөндөр. Алар: пенсионер Замира Муратбекова, убактылуу жумушсуз Санжарбек Энназаров, «Сүймөнкул Чокморов» атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков, Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, “Аурдин” ишканасынын директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жана Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү Сайнидин Султанидинов.

Жогорку Кеңешке мурунку чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөр алтын кенине байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Бул иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Азыр №1 тергөө абагында камакта. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG