Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Бишкекте кир жуучу коомдук жай ачылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда кир жууп, кургатуучу коомдук жай ачылды. Бул тууралуу аталган долбоордун демилгечиси Аскар Сапарбаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Азырынча бул жайда 3 ири кир жуучу машине бар. Ага жергиликтүү тургундар көлөмдүү кийим-кече, жууркан-төшөгүн алып келип жууп, кургатып алып кетишүүдө.

Машинелер Түштүк Кореядан алынып келинип, ар бири 15 килограммдык кирди жууганга ыңгайлашкан.

Кардарлар бул жайда өзүлөрү кирлерин салып, жууп бүткөнчө күтүп отуруп алып кетишет. (BCh)

XS
SM
MD
LG