Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

БУУ Катар чырына аралашпайт


Доха
Доха

БУУнун Коопсуздук кеңеши Катар коңшулары менен мамилесин өзү чечиши керектигин билдирип, 3-июлда бул чырга аралашпасын ишарат кылды.

"Тиешелүү өлкөлөр диалог жана өз ара кеңешүү аркылуу чечимге келгени эң мыкты жол. Анткени биз буга башка альтернатива көрбөй турабыз" деди бул айда Коопсуздук кеңешинде төрагалык кылган Кытайдын элчиси Лю Цзеи.

Катардын тышкы иштер министри Перс булуңундагы коңшулары менен чырды талкуулоо үчүн өткөн жумада БУУнун башкы органына барган.

Сауд Арабиясы баштаган өлкөлөр Катарды терроризмди каржылоого айыптап, 5-июнда байланышты үзгөн. Кийин 13 талап коюшкан. Аны аткаруу мөөнөтү 5-июлда аяктайт. Доха айыптарды четке кагып, талаптар аткарылбасын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG