Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Инклюзивдик билим берүү боюнча эл аралык жыйын өтүүдө


Бишкекте өзгөчө балдарга инклюзивдик билим берүү боюнча эл аралык жыйын өтүп жатат. Борбор Азиядагы Америка университетинде Молдова, Литва, АКШ жана Кыргызстандын адистери Армения, Украина, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын Ош, Ысык-Көл, Чүй облустарынан келген педагогдорго атайын окууларды уюштуруп жатышат.

“Сорос Кыргызстан” фонду демилгелеген бул жыйын 7-июлда аяктайт.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кадыресе мектеп окуучуларына кошуп окутуучу инклюзивдик программалар жаңыдан жандана баштады. Бул багытта кесипкөй адистер өлкөдө жетишпей келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG