Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:27

Жылына дүйнө жүзүндө 56 миллион аял бойдон алдырат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарыялаган маалыматта айтылат.

Пайда болгон түйүлдүктөрдүн 25 пайызы абортко кабылууда. Аборт жасаткандардын жашы 15тен 44 жашка чейинки аялдар.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө коопсуз бойдон алдыруулардын саны 22 миллионго чукул. Мындай кырдаалдан улам 7 миллион аял ден соолугунан жабыркап, ооруканага кайрылат.

Аборттон кийинки өтүшүп кеткен оорулар дүйнө экономикасына 680 миллион доллар зыян алып келүүдө. Ал эми коопсуз аборт жасаткан аялдардын 13,2 пайызы өлүмгө дуушар болууда. (BCh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG