Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Түндүк Корея континент аралык ракетасын сынаганын ырастады


Түндүк Кореянын ракеталарынын бири
Түндүк Кореянын ракеталарынын бири

Түндүк Корея 4-июлда жаңы, планетанын каалаган жерине жете турган континент аралык ракетасын ийгиликтүү сынаганын ырастады. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы "Hwasong-14" ракетасы 2800 чакырымды 39 мүнөттө өтүп, максатына жеткенин кабарлады.

Пхеньяндын коңшуларынын аралык боюнча билдирүүлөрү ача чыгууда. Түштүк Корея куралдуу күчтөрү 980 чакырым учту десе, жапон өкмөтү 2500 чакырымдан кыйла узакка барганын белгилеп жатат. Эки өлкө тең Пхеньяндын жоругун кескин сынга алышты.

АКШ аскер кызмат адамдары континенттер аралык баллистикалык ракета эмес, орто аралыктагысы сыналганын билдиришүүдө. Курал боюнча батыштык айрым эксперттер бул Түндүк Кореянын эң ийгиликтүү сыноосу жана АКШнын Аляска штатына жете алчу кубатта болушу мүмкүн деп жатышат.

АКШ президенти Дональд Трамп "Түштүк Корея жана Жапония буга мындан ары да чыдай берерине ишенүү кыйын" деп Твиттерге жазды. Ал ошондой эле Түндүк Кореянын эң ири өнөктөшү Кытайды бул маселени тыптыйпыл чечүүгө "кадам" таштоого чакырды.

XS
SM
MD
LG