Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Министрлик: Күн өтүп кетүүдөн сактангыла


Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту бекемдөө боюнча республикалык борбор жарандарды күн өтүп кетүүдөн сактануу чараларын көрүүгө чакырды.

Анда көчөгө чыкканда сөзсүз баш кийим кийүү, суюктукту көбүрөөк ичүү, жабык автомашина ичинде балдарды, улгайгандарды калтырбоо керектиги айтылат.

Эгерде күн өтүп кеткенден адамдын саламаттыгы начарласа доктурга кайрылуу керектиги эскертилет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-9-июль күндөрү Кыргызстанда күн нормадан тыш ысып, Ош, Жалал-Абад аймактарында күндүз 42 градуска чейин жогорулашы ыктымал экени тууралуу бүгүн шашылыш билдирүү таратты. (RK)

XS
SM
MD
LG