Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Трамп менен Путин 7-июлда жолугушат


Орусия-АКШ президенттеринин биринчи жолугушуусу Гамбургда 7-июлда болорун Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков ырастады. Эки президент Германияга "Чоң жыйырманын" саммитине катышуу үчүн келишет.

Мурда Ак үй да жолугушуу болорун билдиргени менен күнүн тактаган эмес.

29-июнда АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер "күн тартибинде конкреттүү маселе" жок экенин билдирген.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо эки лидер үчүн Сирия маселесин талкуулоо өтө маанилүү экенин айткан.

Күтүлгөн көзмө-көз сүйлөшүү АКШ-Орусия мамилесин кайра калыбына келтирүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк катары каралууда. Буга чейин эки тарап ымалалар болуп көрбөгөндөй начар абалга түшкөнүн билдирип келишкен.

XS
SM
MD
LG