Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

АКШ Орусиянын аскерий дараметин санады


Орусиянын "Искандер-М" мобилдүү, чакан ракеталык системасы
Орусиянын "Искандер-М" мобилдүү, чакан ракеталык системасы

Кошмо Штаттары Орусиянын куралдуу күчтөрүн ар тараптан иликтеген баяндамасын жарыялады. Анда бул өлкөнүн аскерий дарамети "кансыз согуш" маалындагыдан таптакыр башка экени белгиленет.

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) 28-июнда “Орусиянын аскер бийлиги, Жогорку бийлик мүдөөлөрү үчүн аскер куроо” аттуу иликтөөсүн жарыялады. 116 беттүү баяндамада орус куралдуу күчтөрү ар тараптан иликтенген.

Анда Орусиянын аскерий дарамети "кансыз согуш" учурундагыдан башка экени белгиленет. Өлкө агездегидей жалаң оор аскер техникаларына эмес, чакан, ыкчам жана тез арада заманбап аскерий операцияларды жүргүзө алчу күчкө ээ болгон.

Ошол эле учурда Москва “куралдуу күчтөрүн өзүнүн түшүнүгүндөгү стабилдүүлүктү камсыздоо үчүн колдонууга ниеткер” делет баяндамада.

АКШнын дүйнөдө демократияны жайылтуу аракеттерин Москвадагылар глобалдык баалуулуктарды таңуулоо катары көрүп, ага ишенимсиздиги терең жана өзгөрүүсүз деп бааланат.

- Кремл АКШ Орусиядагы бийлик режимин алмаштыргысы келет деп ойлойт. Бул чочулоо мурдагы "кансыз согуштагы" каршылаштардын учурдагы мамилесинин чыңалуусуна өбөлгө болууда, - дейт Пентагон.

Мамилелер Украина жана Сирия жаңжалдарына байланыштуу чыңалгандан чыңалып баратканы белгилүү.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялаган. Донбасс чыгышында өкмөт менен согушуп аткан жикчилдерди колдоп жатат деп да айыпталып келет.

Бул окуялар Орусия менен Батыштын жана НАТОнун мамилесин кескин начарлаткан. Натыйжада санкциялар киргизилип, үч жылдан бери улам узартылып жатат.

Владимир Путин
Владимир Путин

Дал ушул күнү, 28-июнда орус президенти Владимир Путин да аскер окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн кабыл алды. Кызыгы анда Путиндин айткандары Пентагондун баянын ырастагандай да болду:

- Акыркы жылдары орус армиясы бекемделгени көрүнүп калды. Офицердик корпустун ишбилгилиги өстү. Муну Сирия Араб Республикасындагы террористтерге каршы операция ишенимдүү көргөздү. Заманбап, кубаттуу, мобилдүү куралдуу күчтөр гана биздин өлкөнүн суверенитети менен аймактык бүтүндүгүн камсыздай алат. Бизди жана биздин өнөктөштөрдү кайсы гана потенциалдуу агрессордон болбосун сактайт. Күчтүү, көз карандысыз жана эгемен Орусияны жактырбаган тараптардын басымы менен коркутууларынан сактайт.

Америкалыктардын иликтөөсү Дональд Трамп бийликке келе электе даярдалган. Бирок Трамп менен Путин биринчи ирет бетме-бет жолугарына бир жума калганда жарыяланды.

Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон учурда эки өлкө алакасы “эң төмөнкү” даражада деген бир нече жолу. Ал ошондой эле өзөктүк куралы бар державалардын ымаласы мындай болбошу керектигин белгилеген.

Путин болсо Трамп келгени Вашингтон-Москва алакасы начарлап, “аскердик” режимге түшкөнүн апрелде кайсы бир маегинде айткан.

Дональд Трамп талапкер кезинде Орусия менен ымаланы оңдойм дегени менен кийин Москва Крымды кайтармайынча санкцияларын албасы тууралуу расмий турумун билдирген.

Эки лидер мына ушундай шартта Германиядагы Чоң жыйырманын саммитинде жолугушканы турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG