Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:16

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (10-17-апрель).

Адольф Гитлердин учурунда химиктер атайын курал катары чыгарган зарин газы Сириянын Хан-Шейхун шаарында ондогон кишинин өмүрүн алды. Эмнеге бул газды нацисттер учурунда колдонгон эмес? Мына ушул суроого New York Times басылмасы жооп издеген. Монтерейдеги Миддлбюри университетинин химиялык, биологиялык куралдар программасынын директору Реймонд Зилинскас Гитлер армиясы согушта бул газды колдонсо душмандарына эбегейсиз өлүм алып келмек, бирок эмнеге аны колдонбой койгону таң калычтуу деген пикирде. Нацисттердин миллиондогон жөөттөрдү камаган өлүм лагерлеринде зарин газынан азырак уулуу цианид уусу пайдаланылган. Цианидге салыштырмалуу зарин абдан кооптуу. Кишинин териси жана дем алуу органдары аркылуу бир нече секундда борбордук нерв системасын талкалап, өлүмгө дуушар кылат. Немис окумуштуулары 1936-жылы табун, кийинчерек 1938-жылы зарин газын чыгарышкан. Кошмо Штаттардын аскерий хронологияларында 30 миң тонна мындай уулу газ нацисттердин колунда болгону катталган. Андай болсо бул кубаттуу куралды нацисттердин колдонбой койгонун АКШ согуштук медицина институтунун токсикологу Дэвид Муур: "Душмандарынын заринден да коркунучтуу курал менен өч алуусунан Гитлер корккон", - деген жүйөнү келтирет.

АКШ дүйнө соңуна кантип даярданууда?

Foreign Policy журналына Кошмо Штаттардын Борбордук чалгын кызматынын жерде глобалдык апаат болсо же өзөктүк курал согушу тутанса америкалыктарды куткарууга багытталган жашыруун долбоорунун сүрөттөрү жана аны талдаган макала жарыяланды. Учурунда президент Жимми Картердин тышкы саясаттагы эң чоң баш оорусу өзөктүк курал соккусуна даяр туруу болгон. Ал учурда Советтер Союзу менен АКШ Жер жүзү жок болуп кетсе, ага даярдануунун түркүн жолдорун издеген. СССРде жер алдында бункерлер казылып, өзөктүк курал чабуулунан сактануунун жоболору байма-бай айтылып турчу. Америкада Ак үй да андан артта калбай, Картердин жетекчилиги алдында мультимиллиард долларлык коргонуу программалары түзүлгөн. Атомдук чабуулдан коргонуу боюнча элге атайын буклеттер таркатылган. Мындай шайма-шай даярдык АКШда өзгөчө 1970-жылдары Кубадагы өзөктүк курал кризисинен кийин өрчүгөн. Ал тургай Ак үйдөгү аткаминерлер жашынуучу бункерлерде ар бир кызматкердин өз орду да мерчемделген. Долбоорго ылайык, атомдук бомба түшсө жер алдында АКШ калкынын 80 пайызы 250 миллион доллар жылдык бюджет менен жашамак. Бирок мындай долбоорлордун деми бара-бара сууп, 1979-жылдары унутта калган. Эми Түндүк Кореядагы өзөктүк курал опузасы чыгып жатканда ондогон жылдар мурунку Борбордук чалгын кызматынын чабуулга каршы пландарында Ак үй мындай апаатты кантип жөнгө салышы керектиги камтылган.

Мигранттарды азгырган террорчулар

"Жакында болгон бир катар теракттар теги өзбектер тарабынан ишке ашты. Маселен, Стамбулдун Ататүрк аба майданындагы 43 кишинин өмүрүн алган июндагы жардыруу, жаңы жыл алдындагы "Рейна" түнкү клубуна кол салуу, Санкт-Петербургдагы метрону жардырган кыргызстандык өзбек жана Стокгольмдогу жөө элди сүзүп салган жүк машиненин рулунда да өзбекстандык киши отурган деп божомолдонууда. Ушундан улам Өзбекстан бара-бара террорчуларды даярдаган борборго айланууда", - деп жазат Германияда чыккан Sueddeutsche Zeitung гезити. "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунда азыр болжол менен беш миңдей борборазиялык согушууда. Нью-Йорктогу Колумбия университетинин окумуштуусу Эдвард Жеймс Лемон: "Борбор Азиянын жарандарынын террордук топторго тартылуусу көбүнчө Орусияда ишке ашууда. Үйүнөн алыс, арзыбаган маянага иштеген өзбекстандык, тажикстандык жана кыргызстандык жаш жигиттер "Ислам мамлекети" жана "Ан-Нусра фронту" сыяктуу топтордун кылтагына оңой илинүүдө", - деген пикирде. Буга кошумча 90-жылдары түптөлгөн "Өзбекстан ислам кыймылы" Борбор Аизядагы эң активдүү экстремисттик топтордон болуп саналат. Немистердин федералдык чалгын кызматы бул кыймылдын бир нече өлкөдө түйүндөрү жана тарапташтары бар экенин, Германияда да жихадчыларды топтогонун аныктаган деп жазат басылма.

Кытайдын кымбат жатак мектептери

Economist журналы Кытайда сонку мезгилде кымбат жатак мектептер модага айланганын баяндайт. Ата-энелер келечек муунга берилген чоң мурас катары мыкты билим берүүнү тандашууда. Ири шаарларда балдарын акысы кымбат жатак мектептерге бергендер улам көбөйүп бара жатат. Өнүккөн бай өлкөлөрдө ата-энелер балдарын жанынан чыгаргысы келбейт. Бирок Кытайда баласынан алыста жашоо жубайлар үчүн кадыресе көрүнүш. Анткени жатак мектептен жогорку окуу жайга өтүү мүмкүнчүлүгү жөнөкөй мектепке караганда сегиз пайызга жогору. Университетке даярдоочу атайын программалар, ал тургай Британия сыяктуу чет өлкөнүн окуу жайларына жолдомо берүүчүлөрү да бар. Буга кошумча көбүнчө бир үйдө өзү жалгыз чоңойгон бала теңтуштары менен алака түзгөндү да дал ушул жатак мектепрден үйрөнсүн деп акчасына карабай бергендер да көп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG