Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Табият кырсыгы болгон айылдарда социалдык мекемелердин курулушу башталат


Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы жер көчкү. 2-июль, 2017-жыл.
Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы жер көчкү. 2-июль, 2017-жыл.

Ош жана Жалал-Абад облустарында быйыл жазындагы жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган айылдарда социалдык мекемелердин курулушу бүгүн башталат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда эки мектеп, эки оорукана, Өзгөн районунда төрт мектеп жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир мектеп салынат. Курулуш иштерин 5-ноябрга чейин бүткөрүү максат кылынууда.

Быйыл жазында жаанчыл аба ырайынан улам Жалал-Абаддын Сузак, Оштун Өзгөн райондорунда жер көчкү жана сел жүргөн. Өзгөн районунун Аюу-Сай айылында жети үй жана 24 адам топурак алдында калган. Ал эми 3-5-майда Чоң-Алай районунда күчү очогунда 5-7 баллга чейин жеткен жер титирөө болуп, андан 500дөн ашык үй-бүлө жабыркаган, ондогон турак жайлардан, социалдык объекттерден жарака кеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG