Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Орусия бозгундагы тажик полковнигинин инисин экстрадициялады


Gulmurod Halimov
Gulmurod Halimov

Тажикстандын Варзоб районунун укук коргоо органдарындагы булак "Азаттык" радиосунун тажик кызматына ИИМдин атайын бөлүгүнүн мурдагы командири жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жетекчилеринин бири деген Гүлмурод Халимовдун иниси Орусиядан мекенине бир жума мурда экстрадиция болгонун билдирген. Маалыматка караганда, ал бозгундагы полковниктин алты бир тууганынын биринин уулу. Аны экстрадициялоо Тажикстандын өтүнүчү менен ишке ашкан.

Расмий Дүйшөмбү Халимовдун инисине тажик жаштарын Сирияга азгырган деген айып таккан.

Май айында орусиялык маалымат каражаттары ал Адыгейде кармалып, кишилерди террордук уюмдардын катарына азгыруу беренеси менен кылмыш иши козголгонун жазып чыгышкан.

Тажикстанда Гулмурод Халимовдун уулу Бехруз Гүлмуроддун иши да сотко өткөн.

Полковник Гүлмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз жоголуп, майдын аягында Сирияда экенин видео кайрылуу аркылуу жарыялаган. Тажикстанда диний эркиндиги чектелгендиктен "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткенин айткан. Бийлик аны мекенге чыккынчылык кылган деп айыптап, издөө салган.

XS
SM
MD
LG