Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Шайлоо-2017: "Элдик талапкер" кыймылы түзүлдү


Кыргызстанда "Элдик талапкер" деген аталыштагы коомдук-саясий кыймыл түзүлдү.

Бүгүн аталган кыймыл Бишкекте "Таза бийлик - Күчтүү өлкө" деген темада талкуу өткөрүп жатат. Ага өлкөнүн мурдагы акыйкатчысы Бакыт Аманбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Мукар Чолпонбаев, Бөдөш Мамырова, Улукбек Кочкоров, журналист Нарын Айып, бир катар саясатчылар катышып жатат.

Жыйынды ачып жатып Бакыт Аманбаев:

- Татыктуу, мекенчил, эл-жерине күйгөн талапкерди тандап, президенттикке көрсөтүп, көрсөтүп гана тим болбостон, анын жеңишке жетишүүсүнө колдон келишинче аракет кылалы деген макстта "Элдик талапкер" деген уюм түзүүнү чечтик, - деп билдирди.

Күн тартибине алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу өлкөдөгү соңку саясий-экономикалык жана социалдык абалды анализдөө, президенттикке талапкерге эл тарабынан коюлган башкы талаптардын тизмесин аныктоого маселелери кирди.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бүгүнкү күнгө карата 15 адам талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз берди.(RK)

XS
SM
MD
LG